Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бээжин шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар Бээжинде уланат.
«Бээжин шаарында бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда», — деп айтылат маалыматта.
Эртең Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар Цзинань шаарында уланат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз