Түркмөнстанда сакалчандарга каршы күрөш кайра башталды  

Түркмөнстанда сакалчандарга каршы күрөш кайра башталды  

Түркмөнстандын бийлиги сакал койгон жаштарга каршы күрөштү кайра баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сакалчан түркмөн жарандарына кысым ушул жылдын 15-майында кайра башталган. Укук коргоо органдары сакал койгон жигиттерди учактарга жана поезддерге киргизишпейт.

Аларды сакалдарын кырууга аргасыз кырып, мечиттерде пенсия курагындагы эркектерге гана сакал коюуга болот деп үгүттөшүүдө.

Өлкөнүн башка аймактарында да абал ушундай. «Аваза» туристтик зонасынын кызматкерлери да сакалын кырууга аргасыз болуп, Түркмөнбашыда милиция сакалчандарды көчөдөн кармап, милиция бөлүмдөрүнө алып барууда, ошол жерде аларды күч менен сакалын кырдырып, сакалын койбойбуз деп тил кат жазууга мажбурлашууда.

Сакал коюуга тыюу салуу Түркмөнстандагы башка ушул сыяктуу чектөөлөр сыяктуу эле мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.

Сакалчандардан тышкары, өзгөчө кара түстөгү унаалардын ээлери жана унаа айдаган аялдар дагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>