Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров биринчи чет мамлекетке болгон сапарын Орусияга жасоону пландаштырууда.
Эске салсак, 23-октябрда Москвада Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун жолугушуусу болуп өттү. Тараптар эки өлкөнүн бардык тармактардагы стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү пландарын талкуулашкан.
Руслан Казакбаев өлкөдө люстрация күн сайын жана ай сайын боло тургандыгын айткан. Ошондой эле ал кыргыз бийлиги коррупция менен элдешкис негизде күрөштү уланта берет деп ишендирди.