Садыр Жапаров Германияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

28.09.2023 | 10:46

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, “Германия – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара 29-сентябрда өтөт. Иш сапардын алкагында Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушууга катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

– президенттин жубайы Айгүл Жапарова;

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

– экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top