Ташкенттеги кампада катуу жарылуу болду (сүрөт)

Ташкенттеги кампада катуу жарылуу болду (сүрөт)

28-сентябрга караган түнү Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, жарылуу Сергели районундагы кампада болжол менен түнкү саат 02:43тө болуп, андан кийин өрт чыккан. Окуя жерине өрт өчүрүүлөр, тез жардам жана башка тиешелүү кызматтар тартылган. Окуядан жаракат алгандар бар, бирок алардын саны азырынча айтыла элек. Жабыркагандардын арасында оор жаракат алгандар жок. Алар жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жеткирилген.

Жарылуудан улам жакынкы аралыктагы турак үйлөрдүн эшик-терезелери, унаалар талкаланган.

Жарылуу болгон кампа «Интер Логистикс» компаниясына таандык болгон. Учурда жарылуунун себептери такталууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Тэги: Өзбекстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>