Садыр Жапаров Германияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Садыр Жапаров Германияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, «Германия – Борбор Азия» саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара 29-сентябрда өтөт. Иш сапардын алкагында Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна, «Германиянын экономикасынын чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушууга катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

— президенттин жубайы Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>