Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге генерал-полковник наамын ыйгарды

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге генерал-полковник наамын ыйгарды

Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жогорку аскердик генерал-полковник наамын берди.

Бул Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанатта ал Ташиевдин мамлекеттин коопсуздугу үчүн чек араларды бекемдөөдөгү, күч түзүмдөрүндө реформа жүргүзүүдөгү, андан сырткары, коррупция менен күрөшүүдө салымы чоң экенин айтты.

«Мамлекетибиздин, коомубузду ички, тышкы коркунучтардан коргоодо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда тагылган милдеттерин так аткарып келаткан жетекчилерибиздин эмгеги да бааланууда. Мен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге “генерал-полковник” жогорку аскердик наамын, Урматбек Муслинович Шамыркановго “генерал-майор” жогорку аскердик наамын, Рахатбек Үсөнбекович Жапаровго “ички кызматтын генерал-майору” жогорку атайын наамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алдым.

Камчыбек Кыдыршаевичтин өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жасаган иш-аракеттерин жалпы журтубуз жакшы билет. Ал эми улуттук экономикабызга кедергисин тийгизип, эгемендик жылдарында тамырын терең жайган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, жеке өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экенине карабай, эбегейсиз иштерди жүргүзүп келаткандыгын да баса белгилеп айтып кетейин», — деди ал.

УКМКнын жетекчисинин буга чейин генерал-лейтенант чини болгон. 2022-жылы Жапаров ага «Кыргыз Республикасынын Баатыры «наамын ыйгарган. Сыйлык кечээ ачылган «Ынтымак ордодо» тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>