БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Түркстан облусунда «Борбордук Азия» эл аралык борборунун курулушу башталды
30.07.2025 | 13:14

Казакстандын Түркстан облусундагы Мактаарал районунда «Борбордук Азия» эл аралык өндүрүштүк кызматташтык борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу аталган облустун акиматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган борбор «Атамекен» бажы бекетинин жанында жайгашып, Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы үчүн маанилүү аянтча болот. Курулуш иштерин казакстандык «TCL gr.» компаниясы жүргүзүүдө. Борборду 2027-жылы ишке берүү пландалган.
Бүгүнкү күндө аймакта зарыл болгон инфраструктураны түзүү иштери жүрүүдө: автоунаа жана темир жолдор курулуп, электр камсыздоо, суу менен жабдуу, канализация жана телекоммуникация системалары тартылууда. Долбоодо инновациялык жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу каралган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар