Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

26.12.2023 | 23:16

Президент Садыр Жапаров бүгүн Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу “Павловск” музейинде, ал коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталды, лидерлер “Царское Село” жана Петергофто болушту.

Тааныштыруучу экскурсияга Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Константинов сарайына бет алышты.

Россиянын президенти Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, мамлекет башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкени үчүн ыраазычылык билдирди.

[image_carousel source=”media: 203608,203609,203610,203611,203612″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top