Туунун өзгөрүшү менен паспортторду алмаштыруунун зарылдыгы жок

Туунун өзгөрүшү менен паспортторду алмаштыруунун зарылдыгы жок

Желектин өзгөрүшү менен паспортторду алмаштыруунун зарылдыгы жок. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, документтештирүү учурунда калк үчүн кошумча чыгымдарды алып келбейт.

“Кыргызстандын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 1992-жылдын үлгүсүндөгү мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот. Демек, жарандардын колундагы бардык улуттук паспорттор алардын жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу жана алмаштырууну талап кылбайт», — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен азыркы үлгүдөгү паспорттор түгөнгөнгө чейин берилет.

Буга чейин президент 22-декабрда Кыргызстандын туусун өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Президент тууну өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: мыйзам туу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>