Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, өкмөт мүчөлөрү менен Баткен облусунун аймагындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жана ага катышкан мамлекеттик органдардын башчыларынын маалыматтары угулду.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө үчүн Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык каналдар аркылуу кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча ишти улантуу тапшырылды.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Көк-Таш айылындагы жаш балдар менен аялдар Баткенге жеткирилгени маалым болгон.

Ал эми облустук милиция Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар экенин билдирген. УКМК болсо Тажикстандын чек ара кызматы телефон чалууларды кабыл албай жатканын кошумчалаган.

Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын тургундары элге курал берүүнү талап кылууда. Соңку маалыматтар боюнча тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>