Садыр Жапаров Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту

24-июлда Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы – Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Чжао Лэцзи менен жолугушту.
Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, тараптар саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтык, ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчысы эки өлкө ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк орногонун белгилеп, Кытай менен достук мамиле мындан ары да бекемделе турганына ишеним билдирди.
Чжао Лэцзи Кыргызстандагы реформаларга жана экономикалык өнүгүүгө жогору баа берип, Кытай тарап кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, бул — Чжао Лэцзинин Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары.