Бүгүн, 13-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мындан тышкары эки өлкө ортосундагы айыл чарба, энергетика, жол куруу, соода жана экономика, маданият, спорт жана бажы тармактарындагы кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болорун билдирди.
«Бул кадам биздин мамлекеттердин гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунун коопсуздугун, туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө олуттуу салым кошот», — деди өлкө башчы.
Ал эми Эмомали Рахмон Тажикстан Кыргызстан менен достук жана ынак коңшулук мамилесин мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.
«Чек ара боюнча келишим мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бекем негиз түзөт. Ал эми кол коюла турган документтердин топтому тажик-кыргыз мамилелеринин жаңы барагын ачат. Бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыгы өз ара мамилелерди элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген жаңы деңгээлге чыгарарына ишенем», — деди ал.