Президент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен таанышты
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү
14.01.2022 | 13:09
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү кечээ болгон. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандын президенти Садыр Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары мамлекет башчылар кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат