Садыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

14.03.2026 | 17:00

Бүгүн, 14-мартта, президент Садыр Жапаров Эл аралык суу-мотор спорту союзунун (UIM) президенти Раффаэле Чиуллини кабыл алды. Жолугушууда спорттун бул түрү боюнча кызматташууну өнүктүрүү жана союздун колдоосу менен Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Садыр Жапаров аталган союздун дүйнөлүк биринчиликти Кыргызстанда өткөрүү ниетин белгилеп, буга байланыштуу Ысык-Көл облусундагы инфратүзүмдүк мүмкүнчүлүктөргө токтолду. Анын ичинде Каракол жана Тамчы эл аралык аэропортторунун иштеши, ошондой эле көл жээгиндеги жаңы мейманканалардын курулушу мелдешти өткөрүүгө шарт түзөөрүн айтты.

Раффаэле Чиулли өз кезегинде Дүйнөлүк кубок суу-мотор спортунун дүйнөлүк фестивалы экенин белгилеп, анын программасына F1H2O классындагы катерлердин жарышы, аквабайк, мотосерф жана гидрофлайборд боюнча мелдештер кирерин айтты. Мындай жарыштар буга чейин Кытай, БАЭ, Катар, Индонезия, Сауд Арабиясы жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөрдө өткөн. Мелдештер дүйнөнүн 86 өлкөсүндө көрсөтүлүп, 900 миллиондон ашык көрүүчүнү камтыйт.

Жолугушуунун соңунда тараптар Борбор Азияда биринчи жолу өтө турган UIM F1H20 дүйнө кубогу Ысык-Көлдүн туристтик дараметин көрсөтүүгө жана улуттук брендди эл аралык аренада илгерилетүүгө шарт түзөрүн белгилешти.

Scroll to Top