Садыр Жапаров Нарында иш сапары менен жүрөт – сүрөттөр

Садыр Жапаров Нарында иш сапары менен жүрөт – сүрөттөр

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров иш сапары менен Нарын облусунун аймагында жүрөт.

Ал иш сапарынын алкагында,  адегенде Нарын шаарындагы “Билим булагы” билим берүү комплексине барган.

Аталган билим берүү коплекси «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан демөөрчүлөрдүн эсебинен жетим балдар үчүн курулган, бирок бюрократиялык себептерден улам аны мамлекеттин балансына өткөн эмес.

Садыр Жапаров комплексти карап чыгуу менен Билим берүү жана илим министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго объектини мамлекеттик баланска өткөрүү боюнча чараларды кабыл алуу тапшырмасын берген.

Президенттин милдетин аткаруучу аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн фонд өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мамлекет инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгилеген.

Андан соң Садыр Жапаров «Жогорку Нарын ГЭС каскадына» барып, объектинин мүлкүнүн абалы менен таанышкан.
[su_image_carousel source=»media: 47497,47498,47499,47500,47501″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>