Садыр Жапаров Орусияга барат

06.10.2024 | 12:51

Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Ушул жылдын 8-октябрында Россиядп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top