Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Садыр Жапаров президент болсо Шер-Нияз кызматка барабы? Жооп
30.11.2020 | 11:25
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз саясаттагы ишмердүүлүгүн токтоторун жарыялады. Мындай кадамга ал президенттике талапкер Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин келген.
Садыр Жапаровду көпчүлүк эл лидер катары таанып, ага ооп кеткенин кол топтоодо жон терим менен сездим. Мени колдогон маданият тармагындагы адамдарга ыраазычылыгымды билдирем. Мен Жапаров менен бирге маданият тармагын өнүктүрүү менен алектенебиз”, – деди ал.
Ал эми Ибрагим Нуракун уулунун “30 миң кол топтолгондон кийин эмнеге артка чегиндиңиз, Жапаров сизге кызмат сунуштадыбы?” деген суроосуна, мындан ары саясатка аралашпай турганын жана кызматка баруу ниети жок экенин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат