Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Садыр Жапаров президенттике талапкер болбошу керек дегендер БШКга кайрылды
09.12.2020 | 16:16
Президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берген саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. Бул маалыматты Боршайкомдун басма сөз кызматы ырастады.
Арызда алар Садыр Жапаровду президенттик шайлоого талапкер катары каттобоону Боршайкомдон талап кылышкан. Саясатчылардын пикирине караганда, президенттин милдетин аткарган адам мыйзам боюнча талапкер боло албайт. Эгер талапкер болгон күндө премьер-министрлик кызматын биротоло тапшырышы керек.
“Арызды Боршайкомдун жумушчу тобу карап чыгат, андан соң жалпы жыйында каралат”, – дешти мекемеден.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат