Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуу үчүн  БШКга арыз берди

Президенттин м.а., Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, тиешелүү документтерди тапшырды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраагы ал, талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, чет мамлекеттин жарандыгы жоктугу боюнча жеке маалыматтарды карап чыгууга жазуу түрүндө макулдугун, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн берген.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>