Раим Матраимовду күч органдары издеп жатат. Бул тууралуу өкмөт башчылыкка жаңы бекитилген Садыр Жапаров маалымат жыйын учурунда билдирди.
“Раим Матраимов камалат. Учурда аны күч органдары издеп жатат”, — деди Жапаров.
Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка бекитилди.