Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
Кашкар Жунушалиев отставкага кетти
10.10.2020 | 19:52
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев отставкага кетет. Бул тууралуу 10-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, Жунушалиев жаңы өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаровдун командасы менен иштебей турганын билдирген.
Буга чейин вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев дагы ушундай эле себеп менен кызматтан кеткен.
Мурдараак, Садыр Жапаровдун өзүнүн программасы менен тааныштырып жатып, мурдагы өкмөттүн курамы менен иш алып барарын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат