Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барат
19.02.2024 | 13:45
Президент Садыр Жапаров 20-21-февралда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Жапаров Россияга президент Владимир Путиндин чакыруусу менен барат. Ал Казан шаарында өтө турган «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештин расмий ачылыш аземине катышат.
Иш-чаранын алкагында Жапаров менен Путиндин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
“Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат», — дейт Азымбакиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом