Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Кыргызстанга чакырды

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Кыргызстанга чакырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин Сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылат куттуктоо жолдомодо.

Белгилей кетсек, Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо тогуз талапкер ат салышкан. Добуштардын көбүн – 72,97 пайызды экс-мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов алды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>