Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөттөрдү отургузду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанат биринчи «Борбор Азия — Кытай» саммити аяктагандан кийин болуп өттү. Өлкө башчылары анар көчөттөрүн отургузуп, эстеликке сүрөткө түштү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз