Кытай Борбор Азияга 3,72 млрд доллар кайтарымсыз жардам берет

Кытай Борбор Азияга 3,72 млрд доллар кайтарымсыз жардам берет

Пекин Борбор Азия мамлекеттерине гранттык негизде 26 миллиард юань (болжол менен 3,72 миллиард доллар) каржылык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин «Борбор Азия-Кытай» саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди, деп маалымдайт Синьхуа.

«Өнүгүү потенциалын бекемдөө үчүн Кытай илим жана технология аркылуу жакырчылыкты кыскартуу жаатында Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу пландарын иштеп чыгат. Кытай каржылаган ишканалар жергиликтүү жумуш орундарын түзүүгө шыктанышат. Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 26 миллиард юань (болжол менен 3,72 миллиард доллар) каржылык колдоо жана грант берет”, — деди ал.

Си Цзиньпин Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

«Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө коопсуздук жана коргонуу боюнча укук коргоо потенциалын чыңдоого жардам берүүгө даяр, ошондой эле регионалдык коопсуздукту сактоо жана терроризмге каршы күрөштө өлкөлөрдү колдоого даяр», — деди ал.

Ал ошондой эле Кытай Ооганстандын коңшуларынын координациялоо механизминде ролун уланта берерин жана Ооганстанды тынчтык жолу менен калыбына келтирүүгө көмөктөшөөрүн белгиледи.

Кытайдын төрагасы Кытай Борбордук Азия өлкөлөрү менен модернизациялоо концепцияларын жана практикасын алмашууну активдештирүүгө, өнүгүү стратегияларын синергетикалоого жана алты өлкөнүн модернизациясына көмөктөшүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин билдирди.

Кытай-Борбор Азия саммити Кытайдын Сиань шаарында 18-19-майда Си Цзиньпиндин төрагалыгы алдында өтүүдө. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>