Бүгүн, 5-июнда Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту. Минниханов Кыргызстанга Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо программасынын жетектөөчү комитетинин IX жыйынына катышуу үчүн келген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолгушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, туристтик байланыштарды бекемдөө, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жана түрк элдеринин символу болгон ак илбирсти сактоо жаатында өз ара аракеттенүү тууралуу сүйлөшүштү.
Садыр Жапаров Рустам Миннихановду жылуу кабыл алып, Кыргызстан менен Татарстандын кызматташтыгы кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн духунда динамикалуу өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстан жаратылышты, курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын туруктуулугу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерине өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Бул контекстте ал Татарстан менен биргелешкен экологиялык жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Рустам Минниханов айтылган демилгелерди колдоорун айтып, экология, климаттын туруктуулугу жана биологиялык ар түрдүүлүктү өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.
Ал үстүбуздөгү жылдын март айында кабыл алынган бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган Казань резолюциясын эске салды.
Рустам Минниханов ошондой эле Татарстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал экономикалык, маданий жана илимий өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен бизнес миссияларды ачуунун, санариптик долбоорлорду жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, Татарстандын башчысы Кыргызстандын жарандарынын келүүсү жана иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошууга даярдыгын белгиледи.
Соңунда тараптар жолугушуунун жыйынтыктары эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз-орус өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында аймактар аралык байланыштарды тереңдетүүгө жаңы дем берерин баса белгилешти.