Садыр Жапаров толук жаңыланган «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна барды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы борбордун жаңыланган жатаканасын, ашканасын, курулган коттедждерди кыдырып көргөн.
Садыр Жапаров бул борбор өз кезегинде өлкөдөгү алдыңкы лагерлердин бири болгонун, бирок акыркы 30 жылда кароосуз калып, чыгашалуу мекемелердин бирине айланганын билдирген.
2024–2025-жылдары борбордун аймагында масштабдуу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, үч кабаттуу жатакана толугу менен реконструкцияланып, барнхаус стилиндеги 17 коттедж жана а-фрейм стилиндеги 2 коттедж курулган.
Борбор заманбап эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган, спорттук аянтчалар, чакан футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, бассейн, 700 метрлик чуркоо жолу, теннис корттору жана балдардын ойноо аянтчалары жасалган, жаңы конференц-зал курулган, аймак комплекстүү түрдө көрктөндүрүлгөн.
“Таалим-тарбия, билим берүү менен катар балдарыбыздын ден соолугуна да кам көрө беришибиз керек. Ага бүгүн ачылышын жасап, пайдаланууга берип жаткан “Улан” ден соолукту чыңдоо борбору айкын мисал. Дал ушул борбор далай-далай жаштарыбыздын ден соолугун чыңдоого, акыл-билимин арттырууга, шык-жөндөмүн ачууга жана талантынын ташкындашына өбөлгө болсун!”, – деген өлкө башчы.