Садыр Жапаров Тони Блэр менен Нью-Йоркто кызматташтык маселелерин талкуулады

23.09.2025 | 12:08

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йоркто Улуу Британиянын экс-премьер-министри жана Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу төрагасы Тони Блэр менен жолукту.

Президенттик администрациясы кабарлагандай, жолугушууда Кыргызстан менен Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ортосундагы кызматташтык жана анын келечеги талкууланды. Президент Кыргызстандын улуттук келечектүү долбоорлору тууралуу маалымат берип, бюрократиядан арылуу жаатындагы кызматташуунун маанилүүлүгүнө басым жасады.

Ал Глобалдык өзгөрүүлөр институту тарабынан сунушталган бюрократиядан арылуу боюнча сунуштар каралып жатканын белгиледи.Тони Блэр жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттик башкарууну модернизациялоо, экономиканы өнүктүрүү, санариптештирүү, билим берүү жана башка маселелер боюнча өкмөттөргө консультациялык колдоо көрсөтүүдө институттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. “Өкмөттөр үчүн эң татаал нерсе — сөздү ишке ашыруу. Стратегиялык пландар адамдар сезе турган реалдуу өзгөрүүлөргө айланышы маанилүү”, — деп белгиледи Тони Блэр.

Ал Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан оң өзгөрүүлөрдү жогору баалап, өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу боюнча аракеттерин колдоорун билдирди. Ошондой эле, бюрократиядан арылуу, туризм, инвестиция жана банк тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүүгө жана кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирди.

Scroll to Top