Садыр Жапаров Түркиядагы кырсыкка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркияда токойдо чыккан өрттөн каза тапкандарга байланыштуу Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Түркиянын Эскишехир провинциясындагы токойдо болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Кыргызстан токой өрттөрүн алдын алуу жана өрт менен күрөшүү ишинде жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирем”, – деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
23-июлда Эскишехир провинциясынвн токоюнда чыккан өрттү өчүрүү учурунда кеминде 10 өрт өчүрүүчү менен куткаруучу каза таап, дагы 14 адам жаракат алган. Кызматкерлер өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканда шамалдын багыты күтүүсүз өзгөрүп, аларды каптап калган. Түркиянын айыл жана токой чарбасы министри Ибрагим Юмаклынын айтымында, каза болгондордун бешөө токой чарбасында иштегендер болсо, калган бешөө AKUT куткаруу уюмунун мүчөлөрү болгон.