Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Алтайда Эл аралык экологиялык конференция өтүүдө
25.07.2025 | 11:40

Бүгүн, 25-июлда Алтай Республикасында Эл аралык экологиялык конференция өтүп жатат. Ага өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышууда. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка ылайык, конференцияга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкмөт башчылары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышууда.
Иш-чарада жетекчилер дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулашып, бул жаатта тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү карашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат