Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 28-августта, өлкө башчы Садыр Жапаров менен Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнү корей тарап демилгелеген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашкан.
Ошондой эле эки өлкө ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруудагы оң натыйжаларды, эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарынын өсүшүн белгилешкен.
Кореянын президенти Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирип, Кыргызстандын экономикасынын өсүү динамикасын жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжаларын жогору баалаган.
Ал эми Садыр Жапаров Кореянын президентин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган. Ли Чжэ Мён чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, жеке жолугушууга үмүттөнөрүн билдирген.
Ошондой эле корей лидери Садыр Жапаровду 2026-жылы өткөрүү пландаштырылган “Борбор Азия – Корея Республикасы” мамлекет башчыларынын саммитине катышууга чакырган.