Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Садыр Жапаров учак кырсыгына байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты
22.03.2022 | 13:12
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасына Гуанси-Чжуан автономдук районунун Учжоу шаардык округунун Тэнсянь уездинин Молан айылынын жанында Boeing 737 кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Жүргүнчүлөр жана экипаждын курамы курман болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан авиакырсыкта каза болгондордун туугандары жана жакындары менен аза кайгысын тең бөлүшүп, аларга көңүл айтам. Сизге жана Кытай элине ушул кыйын учурда кайраттуулук каалайм», – деп айтылат өлкө башчысынын телеграммасында.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат