Садыр Жапаров УКМКга Ош окуясын иликтөө тапшырмасын берди

Садыр Жапаров УКМКга Ош окуясын иликтөө тапшырмасын берди

Садыр Жапаров УКМКга Ош окуясын иликтөө тапшырмасын берди.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, жабыркаган кайгылуу июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>