Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Садыр Жапаров Венага жөнөп кетти
24.11.2024 | 18:01
Садыр Жапаров Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллендин чакыруусу менен бүгүн, 24-ноябрда, Австрия Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Садыр Жапаровдун Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен, Федералдык Канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле Улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Австрияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-австриялык мамилелердин кеңири спектрин жана аларды мындан ары кеңейтүү пландарын талкуулашат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар