Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Эркин күрөш боюнча балбандар Кореядагы мелдеште 4 медаль утту
25.11.2024 | 09:00
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Кореядагы эл аралык мелдеште 4 медаль утту. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.
Медалдардын бирөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло.
Алтын байгени Билол Шарип уулу (65кг), күмүштү Орозобек Токтомамбетов (74 кг), колону Абдымалик Карачов менен Кутман Төлөбалдиев уткан.
Балбандар мелдешке башкы машыктыруучу Руслан Мажиновдун жетекчилигинде катышкан. Командалык эсепте кыргызстандык балбандар экинчи орунга татыган.