Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» республикалык кеңешме өткөрөт

27.02.2026 | 11:03

Бүгүн, 27-февралда, «Ынтымак Ордодо» өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өткөрүлөт.

Жыйынга Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, ошондой эле райондордун акимдери катышат.

Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер кабинетинин жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет. Ошондой эле Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарыла турган милдеттер тууралуу баяндама жасайт.

Иш-чара саат 11:00дө башталат. Кеңешме УТРК жана башка республикалык, облустук телеканалдар аркылуу, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда түз көрсөтүлөт.

Scroll to Top