Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү «Түндүк Бетон» ишканасынын иши менен таанышты

06.08.2025 | 17:57

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Ысык-Көл облусунун Бает айылындагы «Түндүк Бетон» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана инерттүү материалдарды, бетон аралашмасын жана темир-бетон блокторун өндүрөт. Завод заманбап жабдуулар жана өндүрүш процесстерин автоматташтырылган башкаруу системасы менен жабдылган. Таш майдалоочу жабдуулардын кубаттуулугу бир сменада 1000 тонна чыгарат. Бетон заводу саатына 120 куб бетон өндүрө алат.

Ишкана толук кубаттуулукта ишке киргенде 150 жумуш орду менен камсыз кылат. Учурда өндүрүштө 60 кызматкер эмгектенет.

«Түндүк Бетон» ишканасы тарткан инвестициянын көлөмү 4,5 млн долларды түзөт.

Ишкананын негиздөөчүсү Бакыт Айдаров өлкө башчысына компаниянын ишмердүүлүгү, анын ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл жээгинде беш жылдыздуу мейманканаларды куруу боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров жаңы заводдун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Ал заводдун ишке кириши өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошорун, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөрүн билдирди.

Scroll to Top