Жапаров: Жаңыланууну каалабагандар конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы

Жапаров: Жаңыланууну каалабагандар конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы

президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун активтери менен жолугушуу учурунда жаңыланууну кабыл алгысы келбегендер конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы чыгып жатканын айткан. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө президенттин милдетин аткаруучу сот жана укук коргоо системасын реформалоо керектигине дагы токтолгон.

“Конституциялык реформаларга тоскоолдук кылып, өздөрү каалагандай өткөрүп алалы деген күчтөр бар. Ошондуктан чагымчылдыкка алдырбого чакырам.
Элдин дагы бир чоң талабы – бул адилеттүүлүк, айрыкча сот акыйкатсыздыгы жарандарыбызды кыйнап бүттү. Өтө бийик квалификациялык талаптар коюлуучу сот системасында: сабатсыз, күн карама адамдар иштеп жатат. Анын кесепети карапайым калкка оор тийип жатат. Ал эми укук коргоо органдары – заказ аткаргыч органга айланды. Ошондуктан сот жана укук коргоо органдарын реформалоого жетишебиз”, — деген Садыр Жапаров.

Ошондой эле коррупцияга каршы реалдуу стратегиялык кадамдар жасаларын кошумчалады.

“Коррупцияны эл жасабайт. Аны эл кызматындагы адамдар жасайт.  Ошондуктан мыйзамдуулук жана туруктуулук керек. Мыйзамдуулук орносо миллиарддаган  инвестициялар келет,
миңдеген жумуш орундары пайда болот, элдин кирешеси көбөйөт, контрабанда токтойт, акыйкаттык орнойт. Ошондой эле мамлекетибиз өнүгөт”, — деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Жолугушуунун соңунда социалдык маанидеги маселелер көтөрүлдү. Аларды чечүү боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>