Садыр Жапаров Жапониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчисин кабыл алды

Бүгүн, 15-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Жапониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Рюити Хиранону ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле ал Кыргызстан Жапонияны жакын дос жана маанилүү өнөктөш катары эсептей турганын белгилеп, бул кызматташтык жыл сайын чыңдалып жатканын айтты.
Анын айтымында, узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылууда, ал эми жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштар өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана жаңылоого мүмкүндүк берүүдө.
Өз кезегинде элчи Рюити Хирано көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жана өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгиледи.
Ал ошондой эле Садыр Жапаровго Жапониянын императору Нарухитонун жана премьер-министри Санаэ Такаитинин атынан жылуу салам жолдоп, алардын жакынкы аралыкта мамлекет башчысын Жапонияга сапар менен кабыл алууга даяр экендиктерин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Жапония өкмөтү 19-20-декабрда Токиодо Борбор Азиянын беш мамлекети, анын ичинде Кыргызстан менен саммит өткөрүүгө даярдап жатканы белгилүү болгон.