«Мекенчил» партиясынын мүчөсү жана Садыр Жапаровдун тарапташы катары таанымал алты жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Алар 7-апрель күнү коомдук тамактануучу жайда Дооронбек Бегалиев аттуу жаранды ур-токмоктоого шектелүүдө. Милиция «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоду.
Кармалгандардын арасында Илимбек Исраилов, Азамат Марипов, Нурак Акимов дагы бар.
Алар 7-апрель күнү Бишкектеги чайканалардын биринде алар олтурган бөлмөдө видео камера табылганын кабарлашып, ага президенттин иш башкармасынын жетекчиси Каныбек Туманбаевди айыпташкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз