“Милдет кылба!”. Президент “мекенчилдерге” эскертүү берди

“Милдет кылба!”. Президент “мекенчилдерге” эскертүү берди

Президент Садыр Жапаров өзүнүн тарапташтары жана «Мекенчил» партиясынын өкүлү катары белгилүү болгон 6 жарандын кармалышы боюнча оюн билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, кармалгандар акча опузалап жүрүшкөн.

«Кийинки убакта мен «мекенчилмин» деген аферисттер пайда болду. Камалгандардын экөөсү шантаж жолу менен, жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Мен бирөөсүнүн бул боюнча смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: «Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө» деп. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм», — дейт президент.

Садыр Жапаров мыйзам бузгандар саясый көз-карашына карабай жазаланарын эскертти.

«Мекенчил болсоң чын жүрөктөн, мамлекет үчүн мекенчил бол. Аны бирөөгө милдет кылба. Чыныгы мекенчилдер кыйкырбай эле, милдет кылбай эле мекенчил болуп жүрүшөт. Алардын баарын билем, тааныйм, бийик баалайм», — деди ал.

Президенттин айтымында, «мекенчилдер» кадрдык саясатка дагы аралашып, айрым жетекчилерди кызматтан алуу талабын айтып келишет. Андан сырткары, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө барып, коркуткан учурлар кездешет.

«Менин башкаруу мөөнөтүмдө эл үчүн, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдойм. «Тигини кызматтан ал», «муну ал», — деген сөздөрүңөрдү токтоткула. Ким иштей албай жатса, уурдаса силерсиз эле кызматтан алам. Жеңил жашоого көнүп алган адам оңолбойт экен да. Мен кандай болбосун бир жактуу эле карап жыйынтык чыгара бербейм. Сөзсүз эки жакты тең угуп, кайсы тарабында чындык бар экенин тактап туруп бир бүтүмгө келем», — дейт ал.

Садыр Жапаров «мекенчилдер» ооз ачкан чайканада видео байкоону орнотууга бийликтин жана күч органдарынын таптакыр тиешеси жоктугун айтты.

«Күч органдары койсо антип “колхозчо” коймок эмес. Бул маселе териштирилет», — деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ «Мекенчил» партиясынын мүчөсү жана Садыр Жапаровдун тарапташы катары таанымал алты жаран кармалды. Алар 7-апрель күнү коомдук тамактануучу жайда Дооронбек Бегалиев аттуу жаранды ур-токмоктоого шектелүүдө. Милиция «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>