Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү тротуарларга асфальт төшөө иштери улануудаКыргызстандын футбол боюнча курамасы Орусия менен оюн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулайтӨткөн аптада Кыргызстанда 25 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары катталдыЧемпиондор Лигасы: «Реал Мадрид» Алматыга учуп келди“Положенец”. Психбольницадан уюшкан топ түзгөн жаран кармалдыЖээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары менен санкция, миграция маселелерин талкуулады
Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары: эки өлкөнүн ортосунда он документке кол коюлду
01.09.2025 | 10:34

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча он документ кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Тяньцзинь шаарында өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы кат алмашуу жолу менен түзүлгөн “Бедел” автомобиль өткөрүү пунктун куруу жана техникалык жабдуу” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу кургатылган жемиштерге карата инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протокол;
- «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын Бишкек райондук диспетчердик борбору менен Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын Синьцзян аба кыймылын уюштуруу бюросунун Үрүмчү райондук диспетчердик борборунун ортосундагы макулдашуу каты;
- «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жол долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет кат;
- Чүй облусу менен Ганьсу провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытай Медиакорпорациясынын ортосунда гуманитардык алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча ниеттер жөнүндө протокол;
- Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытайдын Базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат