Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Жаңыланган имарат. Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталды
01.09.2025 | 10:20

Бүгүн Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясынын ачылышы болуп өттү.
Депутаттар жаңыланган жыйындар залына кирип, төрага Нурланбек Тургунбек уулу сессияны ачык деп жарыялагандан кийин Кыргызстандын гимни жаңырды. Андан соң парламент 3-сентябрга чейин танапис жарыялады.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү жайкы каникулга чыккан учурда Жогорку Кеңештин имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бүгүнтөн тарта депутаттар жаңыланган залда жыйынга чогулушат.
Рубрики: Жаңылыктар