Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 9-10-октябрда болуп өткөн Тажикстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында жолугушуу өткөргөн. Анда эки өлкө ортосундагы күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланган.
Андан соң лидерлер «Борбор Азия – Орусия» экинчи саммитине катышышкан. Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия Кыргызстандын негизги өнөктөштөрү бойдон кала берерин жана бул формат ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн маанилүү курал болуп саналарын билдирген.
Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, КМШ өлкөлөрүндөгү социалдык-экономикалык абалды туруктуу чыңдоого көңүл бурган. Бул негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн, инфраструктуранын өнүгүшүн жана аймактын инвестициялык жагымдуулугунун жогорулашын көрсөтүп турат.
Тар курамдагы жыйындан кийин лидерлер жолугушууну кеңейтилген курамда улантышып, анын жыйынтыгында документтердин топтомуна кол коюлган.