Бишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилди
Агартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыялады
11.10.2025 | 12:00

Кыргыз тили, тарых жана география окуу китептеринин авторлорун жана иштеп чыгуучуларын тандоо үчүн ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Сынак министрлик менен «Окуу китеби» басма үйү тарабынан мектеп окуу китептерин жаңыртуу жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлөт.
Сынакка кимдер катыша алат:
- Мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана колледждердин окутуучулары;
- Педагогика, филология, тарых жана география боюнча методисттер, изилдөөчүлөр жана адистер;
- Окуу китептерин жана окуу-усулдук материалдарын иштеп чыгууда тажрыйбасы бар авторлор;
- Инновациялык ой жүгүрткөн жана окутуунун заманбап усулдарын колдонгон жаш педагогдор.
Сынак 2025-жылдын 10-октябрынан 30-ноябрына чейин эки этапта: сырттан жана түз тандоо түрүндө өтөт.
Толук маалымат бул шилтемеде.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом