2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Садыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болушту
08.12.2025 | 16:55
Кыргызстандын банк секторуна 22 банк кошулду, ал – «Берекет Банк» ЖАКы. Улуттук банк каржы-кредиттик уюмду расмий реестрге киргизди.
Жаңы банктын кожоюндарынын курамы коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурууда. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасына ылайык, Жабык акционердик коомдун (ЖАК) негиздөөчүлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- Нургожоев Нурдөөлөт Садырович — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кенже уулу.
- Султанов Марат Абдыразакович — тажрыйбалуу каржыгер, Улуттук банктын мурдагы төрагасы жана Жогорку Кеңештин экс-төрагасы.

Банктын башкармалыгынын төрагасы болуп буга чейин «Бай-Түшүм» банкын жетектеп келген Жаркынбек Сагындыков дайындалды.
Эске салсак, мекеме банк түзүүгө лицензияны 2025-жылдын октябрь айында алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика