АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
БШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салды
08.12.2025 | 16:55

Борбордук шайлоо комиссиясы парламентке жаңы шайланган талапкерлерге Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү экенин эскертти.
“Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштей албайт, ишкердик жүргүзө албайт, ошондой эле коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кирбеши керек.
Эгерде шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты ушул кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат