Саламаттык сактоо мин: Кыргызстанда намазга массалык түрдө топтолуу чектелет

Саламаттык сактоо мин: Кыргызстанда намазга массалык түрдө топтолуу чектелет

Бүгүн, 28-февралда Бишкекте коронавируска байланыштуу жыйын өтүп жатат. Анда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев намазга массалык түрдө топтолуу чектеле турганын билдирди.

Ал коронавирустун алдын алуу үчүн эл көп топтолгон жайларга барбоону эскертти.

«Намазга чогулбоо тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгына жолугуп, сүйлөшүү өткөрөбүз. Вирусту алдын алуу үчүн элдин көп топтолгон жерин чектешибиз керек. Биз тыюу салыш керек деп айткан жокпуз, бирок үйдөн окуп турууга болот. Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги катары сунуштап жатабыз», — деди Чолпонбаев.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар каттала элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>