Саламаттык сактоо министри коронавируска каршы эмдөөдөн биринчи болуп өтөт

Саламаттык сактоо министри коронавируска каршы эмдөөдөн биринчи болуп өтөт

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алгачкылардан болуп коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Министр эмдөөнү 29-мартта Бишкектеги медпукттардын биринен өтөт.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун вакцинациядан өтүүнүн зарылчылыгы жок экенин Бейшеналиев билдирди. Ал өлкө башчынын антителосу бар экенин айтты.

29-мартта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабын баштайт.

Азыркы учурда вакцинацияга даярдануу боюнча иш-чаралардын алкагында Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө пункттарына вакциналар жеткирилүүдө.

Ошондой эле вакцинага документтер Иммунизация боюнча илимий-техникалык топтун адистери менен макулдашылып жатат.

Республиканын бардык аймактарында медицина кызматкерлерине эмдөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча тренингдик окутуулар өткөрүлүүдө.

Эмдөөнүн алгачкы этабы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда старт алат.

Эмдөө пункттары төмөнкү тартипте түзүлөт:

— Ордо калаада беш пункт төрт Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда;

— Чүй облусунун Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;

— Ош шаарындагы №1 жана №10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ачылат.

Эмдөөнүн алгачкы этабында:

— Инфекцияны жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болгон кызыл зоналарда, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда иштеген медицина кызматкерлери;

— Тез медициналык жардам көрсөткөн, интенсивдик терапияларда иш алып барган медицина кызматкерлери;

— Узак мөөнөттүү кароодо жаткан бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлери;

— Жалпы билим берүү уюмдарынын, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмделмекчи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>